Биз жөнүндө

 

 

 Сакин Бегматова атындагы Таш — Мойнок жалпы билим берүү орто мектебинин тарыхы

Таш — Мойнок жалпы билим берүү орто мектебинин тарыхы Кой — Таш айылынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып Чүй өрөөнү Россия падышалыгынын бийлигин тааныгандан кийин Орус Украин дыйкандары көчүп келишип, Чүйдүн тегерегине отурукташа башташкан. Мына ошол отурукташкан айылдардын бири Кой — Таш жергеси болгон. Бул жерге көчүп келген орустар айылга Слободная деген атты коюп, турмуш — тиричилигин өткөрө башташкан. Алгачкы үйлөр салына баштаган. Эң биринчи туземдик мектеп ачылган, аны менен катар ислам динине негизделген балдарды да окутуу болгон. Азыркы күндө мына ошол орустар салган бир үй сакталып калган. Ал үйдө Тентимишев Кадыр деген атуулубуз жашаган. Ал эми Таш — Мойнок жалпы билим берүү орто мектебинин башаты ушул айылдын активдүү, билимдүү атуулу Жайнаков Ыбырай деген кишинин ысымы менен байланыштуу. Ошол кишинин демилгеси менен Кой — Таш айылында төрт жылдык мектеп ачылган, бирок ал киши өзү ал жерде иштебей калган, себеби мектеп бүтүп мына киребиз деп жатканда Улуу Ата мекендик согуш башталып, ал киши согушка кетип, кайтпай калган. Ушул убакка чейин ал мектепти Ыбырайдын мектеби деп аташат. Ал мектеп кийинки жылдарда бузулуп, анын ордунда азыр ФАП жайланышкан. Азыркы биз окуп жаткан мектеп 1970- жылы ишке берилген. Бул учурдагы мектептин директору Айткулов Асан согуштун ардагери, эмгектин ардагери азыркы күндө Ысык Ата районунун Жээк деген айылында жашайт. Ошол учурда бул мектепте бир нече айылдын бала — бакыралары окушкан. Мисалы, Стрелөникова, Беш — Күнгөй, Горная Маевка, Прохладное. Биздин мектепте эң мыкты мугалимдер иштешкен. Мисалы, Айдакеева Адижамал, Байгазиев Молдогазы, Трубников Николай Петрович, Фомин Сергей Владимирович, Чемерская Валентина Георгиевна, Будькова Евгения Терентьевна, Хусаинова Мария, Мусакеева Батина, Мурзалиев Жолдошбек, Абдылдаева Батыш, Шаршенова Атыркүл ж.б. Союз учурунда биздин мектепте окуу орус кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Союз тарагандан кийин орустардын Россияга көчүп кетиши менен мугалимдердин дагы Россияга көчүп кетишинин натыйжасында мектепте окуу жалаң кыргыз тилинде гана жүргүзүлүп калды. Алгач мектеп Кубанычбек Маликовдун наамында, ал эми пионердик дружина Даир Асановдун наамында болгон. Ошол учурда бул кишилер менен дайыма жолугушуулар өткөрүлүп турчу. Кой — Таш айылынын чыгаан кыздарынын бири көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри ООНдо СССРдин өкүлү болуп иштеген Сакин Бегматова 1981-жылы 20-августта автокырсыктан каза болгондон кийин элдин демилгеси менен аты райондук Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен мектепке ыйгарылган. Ошол күндөн баштап мектеп анын ысымын татыктуу алып жүрөт. Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен мектепте анын музейи ачылган. Анда анын кийимдери, сыйлыктары, сүрөттөрү коюлган. 2006-жылы Сакин Бегматованын 85 жылдыгына карата мектептин алдында анын айкели ачылган. Ошондой эле биздин мектептин белгилүү бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Мектептин бийиктеген жылдыздары» деген бурч уюштурулган. Биз төмөнкү бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз.

  1. Сакин Бегматова — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри
  2. Алмазбек Атамбаев — Кыргыз Республикасынын президенти
  3. Омуркулов Иса — Бишкек шаарынын экс мэри
  4. Кулмурзаев Тургунбек — Бишеке Газ агентствосунун мурунку башчысы
  5. Сегизбаев Абдиль — Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы ГКНБнын мурдагы төрагасы
  6. Кытаев Насыр —  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  7. Табалдиев К — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  8. Жумагулов Апас — Кыргыз Республикасынын мурунку премьер министри
  9. Шалпыков А — физика илимдеринин доктору
  10. Аблесов Сыдыкбек —  Кыргыз Республикасынын мурунку курулуш министри, коомдук ишмер
  11. Бөлөкбаев Ырымкул —  Кыргыз Республикасынын айыл чарба илим боюнча Кандидат
  12. Шаршенова Атыркүл — Кыргыз Республикасынын Билим берүү тармагынын ардактуу кызматкери
  13. Мурзалиев Аманьгелди — Медицина илиминин кандидаты
  14. Мурзалиев Эсенгельди — Медицина илиминин кандидаты
  15. Кенжегозуева Айышбүбү — Кыргыз Республикасынын 50-60-жылдардагы баш Прокурору
  16. Мамытов Бактыбек — Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери, диктор.

Окутуунун тили: кыргыз, орус тилдеринде

Мектеп 700 окуучулук орунга эсептелген

2022-2023-окуу жылында — 595 окуучу

Жылуулук системасы: аралаш (элект., көмүр)

Мугалимдердин сапаттык курамы:

Администрация-2

2022-2023-окуу жылында 41 мугалим эмгектенет

Алардын ичинен: билим берүүнүн отличниктери — 8

Жогорку билимдүү мугалимдер — 30

Бакалавр — 5

Атайын орто билимдүү мугалимдер — 5

Жалпы орто билимдүү мугалимдер — 1

Кенже техникалык кызматкерлер — 17

Мектеп эки мөөнөттө иштейт.

Класс -комплект — 26

2022-2023-окуу жылында мугалимдер жамааты төмөнкү проблеманын үстүндө иш алып барышат: «Заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу менен окуучунун ар тараптуу өнүккөн инсандыгын калыптандыруу жана окутуп тарбиялоо процессин оптималдуу уюштурууга шарт түзүп берүү «.

Биз жөнүндөБиз жөнүндөБиз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

Биз жөнүндөБиз жөнүндө