Социалдык-психологиялык кызмат

Социалдык-психологиялык кызмат

Социалдык  педагог — балага жана анын үй — бүлөсүнө кризистик же турмуштук оор абалга туш келсе, жардам көрсөтүп, башка социалдык — өнөктөш уюмдар менен биргеликте жеңилдетилген категориядагы окуучулар менен иш алып барат.

Миталипова Гүлзина Токтоболотовна — социалдык педагог.

Билими: жогорку, жалпы эмгек стажы — 19 жыл, адистик боюнча стажы — 3 жыл.

Социалдык  педагогдун иш тартиби:

Дүйшөмбү:      7:30 — 18:00

Шейшемби:    7:30 — 18:00

Шаршемби:   7:30 — 18:00

Бейшемби:     7:30 — 18:00

 

Социалдык  педагогдун кабинети: 1-кабатта, тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын кабинети менен бирге.

Ата  — энелерге кеңеш берүү алдын — ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Социалдык  педагог менен тез байланышуу үчүн: 0708 56-91-61

Социалдык  педагогдун абалы (позиция)

Кабыл алуу — иликтөө — үйрөнүү — түшүнө билүү — жардам берүү.

Социалдык  педагог бул — коом менен баланын ортосундагы ортомчу, ал баланын бактылуу балалыгын камсыз кылуусу керек, үй — бүлө менен мектептин ортосунда, баланын теңтуштары жана чоңдор менен болгон чырларында эксперт, тажрыйбасыз ата — энелердин бала менен туура баарлашусундагы татаал маселелерде жаштардын руханий насаатчысы.

Коомдук ишмер жана баланын жашоосу же укуктарын коргоочу, бардык мыйзамдарды пропагандалайт. Эгерде сизди жана сиздин баланызды капа кылышкан же сизде стресс, көйгөй болсо билиниз, сиз жалгыз эмессиз, сизге социалдык педагог жардам берет.

Социалдык  педагог өз жетекчилигинде төмөнкү укуктук иш -кагаздар жана ченемдик актылары менен иш алып барат:

Баланын укуктары жөнүндө БУУнун жыйыны Кыргыз Республикасынын конститутциясы

Жарандык, үй — бүлөлүк, кылмыш кодекси

Башкаруу, укук бузуулар жөнүндө кодекси

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» мыйзамы

Жашы жетпегендерди каттоо жол — жобосу боюнча абалы, сабактарга катышпоо же системалуу түрдө эч себепсиз сабактарды калтыруу.

Мектеп ичинде каттоого алуу абалы

Укук бузуулардын алдын — алуу боюнча рейддерди өткөрүү абалы.

Социалдык  коркунучта турган үй — бүлөөлөрдүн абалы.

Кароосуз калган балдарды алдын — алуу боюнча.

Социалдык  коркунучта турган үй — бүлөөлөрдүн абалы.

Кароосуз калган балдарды алдын — алуу боюнча кеңешинин орду.

Аз камсыз — үй — бүлөөлөрдү каттоого алуу абалы.

Наркотикалык зыяндуу затка берилүүнүн алдын — алуу абалы.

Эгерде сизди башка расмий эмес топтор мыйзамсыз иш жүргүзүүгө түрткү кылып жаткан болсо, же сиз тарапка мыйзамсыз иш аракеттер жасалган болсо, анда токтоосуз 0705 — 17-68-65, 0708-56-91-61, 0557 — 93 — 70 — 07 номерине чалыңыз.

Андан тышкары мектептин электрондук дарегине кат жөнөтө аласыз: tashmoinok. mektebim.kg