Новости

    21-март — Нооруз  майрамына карата ар бир класста «Кыргыз даамы» — көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук оюндар (аркан тартыш, кол күрөш) болду. Улуу мугалимдерден түзүлгөн атайын топ класстарга кирип аластап, баталарын берип, окуучуларга жакшы сөздөрүн айтып чыгышты. Ал эми 5-класстан 11-класска чейинки кыздар жана балдар арасында кол күрөш, аркан тартыш оюндары болуп өттү.   
19.05.2023 37
8- март Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Апам жана мен» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке 2-класстан, 7-класска чейин кыздар апалары менен, 8-класстан 11-класска чейин кыздар арасында болуп өттү.
19.05.2023 39
5-март- Улуттук Ак калпак күнүнө карата 8-11-класстар арасында викторина өткөрүлдү. Викторинада калпак тууралуу суроолор,тапшырмалар берилди.
19.05.2023 33
3-март — Мамлекеттик Туу күнүнө карата «Желбиресин эркиндиктин желеги» аталышындагы салтанаттуу линейка болуп өттү. Линейкада Мамлекеттик Туунун кабыл алынышы, тарыхы тууралуу маалымат берилип, мектептин директорунун милдетин аткаруучу Шеркулова Эльвира Мурадиновна куттуктоо сөзүн сүйлөдү.  Андан соң Мамлекеттик Туусу көтөрүлдү.
19.05.2023 32
Таш — Мойнок айыл аймагынын колдоосу менен 300 окуучуга таттуулар таратылды. «Алатойс» балдар мекемеси тарабынан 41 окуучу «Луна паркына» барып, балдарга арналган шоу программалары көрүп, белектерге ээ болуп, көңүлдөрү көтөрүлдү.      Балдар — биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы. Ар бирибиз баланы коргоо, анын жөндөмүн, талантын ачып, тилегине, максатына жетишине көмөктөш болуу — биздин […]
20.03.2023 62
Иш чарада бул жапайы өсүмдүктүн касиеттери жана анын кесепеттери боюнча маалымат берилди. Биздин өрөөндүн тоолорунда өскөндүгүнө байланыштуу, гүлдүн тамырын адамдар акчага алышкан. Көпчүлүк элдер тиричиликтин айынан акча табуу максатында гүлдү терип, өткөрүшкөн. Ата — энелерине кошулуп, балдары дагы барышып, колдоруна зыян келтиришкен. Дагы мындай иштер кайталанбаш үчүн окуучуларга уулуу өсүмдүк боюнча кеңири маалымат берилди. Класстык […]
20.03.2023 44
Тартип бузууну алдын алуу максатында 1-4-класстардын окуучулар арасында шашки оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Алгач тандоо туру 1-2-класстарга 25-апрелде, 3-4-класстарга 26-апрелде, полуфинал 27-апрелде өткөрүлүп, 29-апрелде финал жана сыйлоо аземи болду. 1-орун 1000 сом 4-в классынын окуучусу Өмүрсеитов Эрмек, 2-орун 500 сом 4-в классынын окуучусу Жолдошбекова Адинай, 3-орун 200 сом 3-б классынын окуучусу Русланов Алмазбек ээлешип, грамоталар […]
14.03.2023 57
2022-жылдын 26-апрелинде  5-7-класстын кыздарына  «Өзүңдү кантип көтөрүү керек?» деген темада балдар психологу Кенджиева Наргиз Нурахматовна менен жолугушуу кечеси болду. Жолугушууда өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү талкууланып, өзүн-өзү сыйлоо, ал кантип калыптанат дегенге токтолушту. Өзүнө — өзү ишенүү, өзүн — өзү баалай билүү — ийгиликтүү адамдардын эң жөнөкөй куралы. Ал эми ушул куралды колдоно албагандар бардык нерсени өзүнөн […]
14.03.2023 47
Балдарга карата зордук — зомбулукту болтурбоонун алдын алуу боюнча 8-11-класстардын окуучуларына «Мен өз укугумду билемин», милдетимди так аткарамын» деген аталышта чогулуш өткөрүлүп, анда балдардын укуктары, милдеттери түшүндүрүлүп, «Ишеним кутучасын» колдонуу эрежелери эскертилди. Чогулушка ИДН Кубаныч уулу Адилет катышты.
14.03.2023 42
2022-жылдын 10-декабрында Аламүдүн райондук социалдык педагогдоруна семинар өткөрүлдү. Семинарга райондун 25 социалдык педагогдору жана райондун билим берүү бөлүмүнүн адиси Орозобаева С.Б. катышты. Семинарда мектептин социалдык педагогу Миталипова Г.Т. «Ар бир бала мээримге бөлөнүп, балалыгын бактылуу өткөрүүгө укуктуу» деген темада мигранттардын балдарына карата тренинг өттү. Тренингдин максаты: «Балдарды зомбулуктан коргоо жана аларга карата мамилени өзгөртүү». Тренингдин […]
04.08.2022 101
28-сентябрда 8-11-класстардын окуучуларына бүткүл дүйнөлүк кутурма оорусуна каршы күнүнө карата «Кутурма — айыкпас дарт» аттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Кой — Таш үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Тууганбаева З катышып, жугуштуу оорулардын эң коркунучтуусу кутурма оорусу экенин жана кутурган иттердин адамдардын ден соолугуна зыян алып келип жатканы көбөйүп баратканын түшүндүрүп берди.
04.08.2022 153
1 / 212