19 — майда ИДН Абдрасулова Г.Б. менен биргеликте «Күл дарагы — уулуу өсүмдүк» деген темада 8-11-класстардын окуучуларына иш чара өткөрүлдү.
Иш чарада бул жапайы өсүмдүктүн касиеттери жана анын кесепеттери боюнча маалымат берилди. Биздин өрөөндүн тоолорунда өскөндүгүнө байланыштуу, гүлдүн тамырын адамдар акчага алышкан. Көпчүлүк элдер тиричиликтин айынан акча табуу максатында гүлдү терип, өткөрүшкөн. Ата — энелерине кошулуп, балдары дагы барышып, колдоруна зыян келтиришкен. Дагы мындай иштер кайталанбаш үчүн окуучуларга уулуу өсүмдүк боюнча кеңири маалымат берилди. Класстык сааттар 1-11-класстарга класс жетекчилери өткөрүштү.
Комментарии