«Ар бир бала мээримге бөлөнүп, балалыгын бактылуу өткөрүүгө укуктуу».
2022-жылдын 10-декабрында Аламүдүн райондук социалдык педагогдоруна семинар өткөрүлдү. Семинарга райондун 25 социалдык педагогдору жана райондун билим берүү бөлүмүнүн адиси Орозобаева С.Б. катышты. Семинарда мектептин социалдык педагогу Миталипова Г.Т. «Ар бир бала мээримге бөлөнүп, балалыгын бактылуу өткөрүүгө укуктуу» деген темада мигранттардын балдарына карата тренинг өттү. Тренингдин максаты: «Балдарды зомбулуктан коргоо жана аларга карата мамилени өзгөртүү». Тренингдин катышуучулары тарабынан кызуу талкуу жүргүзүлүп, тема боюнча кеңири түшүндүрмөлөр алынып, семинар жогорку деңгээлде бааланды.
Комментарии