Мектеп окуучуларына карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту, балдардын өз өмүрүнө кол салуусун алдын алуу боюнча аткарылган иштер.
План боюнча рэкет, зордук — зомбулукка карата 7-9-класстын окуучуларына анонимдүү анкета алынып, сурамжылоонун анализине ылайык, зомбулукка кабылган окуучулар аныкталган эмес деген жыйынтык чыгарылды. Класс жетекчилер 1-4-класстарга «Ыйман деген эмне?», 5-8-класстар «Зомбулуктан кантип кутулабыз?», 9-11-класстар «Үй — бүлөлүк зомбулук» деген темада тарбиялык сааттар өткөрүлдү. 2-декабрда 2-4-класстар арасында «Биз тынчтыкты, ынтымактуулукту, бактылуу болууну каалайбыз» деген темада сүрөт конкурсуна катышты. 9-декабрда 5-11-класстарга «Ыймандуу адам зомбулукка жол бербейт» деген темада конкурска катышты.
Комментарии