Тартип бузууну алдын алуу.
Тартип бузууну алдын алуу максатында 1-4-класстардын окуучулар арасында шашки оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Алгач тандоо туру 1-2-класстарга 25-апрелде, 3-4-класстарга 26-апрелде, полуфинал 27-апрелде өткөрүлүп, 29-апрелде финал жана сыйлоо аземи болду. 1-орун 1000 сом 4-в классынын окуучусу Өмүрсеитов Эрмек, 2-орун 500 сом 4-в классынын окуучусу Жолдошбекова Адинай, 3-орун 200 сом 3-б классынын окуучусу Русланов Алмазбек ээлешип, грамоталар менен сыйланышты. Демөөрчү Бакирова А.Б. башталгыч классынын мугалими болду.
Комментарии