«Өзүңдү кантип көтөрүү керек?»
2022-жылдын 26-апрелинде 5-7-класстын кыздарына «Өзүңдү кантип көтөрүү керек?» деген темада балдар психологу Кенджиева Наргиз Нурахматовна менен жолугушуу кечеси болду. Жолугушууда өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү талкууланып, өзүн-өзү сыйлоо, ал кантип калыптанат дегенге токтолушту. Өзүнө — өзү ишенүү, өзүн — өзү баалай билүү — ийгиликтүү адамдардын эң жөнөкөй куралы. Ал эми ушул куралды колдоно албагандар бардык нерсени өзүнөн жогору коюшат. Адам өз баасын көтөрүү үчүн эмне кылуусу керек? деген суроонун үстүндө кызуу талкуу жүргүзүлдү.
Комментарии